Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Сириянын порттук шаарына аскерлер жайгаштырылды


Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Латака шаарына аскерлер өкмөткө каршы тополоңду токтотуу максатында жайгаштырылды. Шаарда 25-26-март күндөрү орун алган башаламандыктан 12 адам каза тапты деген маалымат бар. Өткөн аптада Сириянын ар кайсы аймактарында президент Башар Ассаддын режимине каршы чыккандардын нааразылык акциялары учурунда көптөгөн адамдар каза тапканы жана жаракат алганы кабарланды. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Сирияда ондогон жылдардан бери өкүм сүрүп келген тартип-коопсуздук күчтөрүнө кеңири ыйгарым укуктарды берген өзгөчө абал мыйзамын жоюу боюнча чечим кабыл алынды, бирок ал качан күчкө кирери азырынча белгисиз. Кабарларга караганда, президент Ассад алдыдагы күндөрү элге кайрылуу менен чыккан жатат. Сириянын бийликтери режимге каршы көтөрүлгөндөрдүн нааразылык акциясын өлкөдө диндер аралык чатак чыгарууга үмүттөнгөндөрдүн аракети деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG