Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Индия жана Пакистан делегациялары сүйлөшүү өткөрөт


Нью-Делиде бүгүн министрлер деңгээлинде башталып жаткан
сүйлөшүүлөр – эки тараптын ортодогу чыңалуу жумшартып, токтоп калган тынчтык жараянды алга жылдыруу аракети. Мунун артынан апта соңунда Индияга крикет боюнча эки өлкөнүн курама командаларынын мелдешин көрүү үчүн Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани келери күтүлүүдө. Азыр Исламабад менен Нью-Дели 2008-жылы Мумбай шаарында 166 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууну көздөй акырындык менен кадам шилтеп жатат. Ал террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан согушкерлер алган.

XS
SM
MD
LG