Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Ур-тепкиден мерт кеткен аскерге байланыштуу кылмыш иши козголду


“Катраң” чек ара бекетинде аскердин каза табышы боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин отурумунда билдирди.

З.Тиленовдун айтымында, чек арада кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Назарбек Абдразак уулу ур-токмоктон улам каза тапканына байланыштуу кылмыш иши козголуп, аны токмоктогондор учурда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, өз кезегинде депутат Жоомарт Сапарбаев көптөгөн жаш балдар ушундай фактылардын айынан аскерге барууну каалашпасын, буга карата олуттуу чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.

“Катраң” чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан жоокер Назарбек Абдразак уулу 3-мартта катуу токмоктолуп, тогуз күндөн кийин Ош облустук ооруканасында каза тапкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG