Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ливияда бир нече шаар оппозициянын көзөмөлүнө өттү


Муаммар Каддафинин күчтөрү өлкөнүн батышындагы стратегиялык турумдарынан артка чегинүүсү менен катар оппозиция согушкерлери БУУнун Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялаган резолюциясынын алкагындагы аскерий операция берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыр чыгыштагы мунай терминалдардын баарын көзөмөлдөөдө. Бүгүнкү күнгө карата чыгыштан деңиз жээгиндеги Рас Лануф, Брега, Бин Жавад жана Аждабия шаарлары өттү. Оппозиция Каддафинин кичи мекени – Сирт шаарын да алдык деп ырастады эле, бирок "Рейтердин" кабарчысы шаарда мунун эч кандай белгиси жоктугун, "Франс пресс" агенттиги болсо оппозиция согушкерлери Каддафинин күчтөрү менен Сирттен 140 чакырым алыстыкта, кан жолдун боюнда салгылашып жатканын кабарлады.

Бул аралыкта НАТО Ливиядагы операцияга жетекчилик кылууну эми өзүнө аларын жарыялады. Буга чейин операцияны АКШ башкарып келген. Президент Барак Обама бүгүн кечинде АКШнын Ливия жаңжалындагы мындан аркы стратегиясын түшүндүргөн кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө. Муну утурлай АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз Каддафинин күчтөрү Батышты көздөй чегине баштагандыгын көрүүдөбүз. Демек бул акыр-аягында ливиялыктардын өздөрү тарабынан жөнгө салынат. Балким Улуттар уюму ортомчулук кылат же башка нерсе жасоосу мүмкүн. Ал эми аскерий милдеттемелерге келгенде президент Обама биз жасоого даяр болгон нерселер жагынан олуттуу чектөөлөрдү киргизди.

Роберт Гейтс кошумчалагандай, Каддафинин режими АКШга коркунуч туударбайт же АКШнын Ливияда өтө маанилүү деле кызыкчылыгы жок. Вашингтон Улуттар уюму колдогон аскерий операцияга Ливиянын жарандарын коргоо, ливиялык качкындар коңшу Египет менен Тунистеги кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөө максатында кошулган.

XS
SM
MD
LG