Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Аба ырайы. Эскертүү!


28-марттагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоолуу жолдордо кар көчкүсү күтүлөт. Айрым жерлерде кар күрткүсү, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат.

29-мартка карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде гана жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1… 6 даража жылуу, күндүз 10…15 даража жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн -1…+4 даража, күндүз 7… 12 даража жылуу. Баткенде түнкүсүн 3… 8 даража жылуу, күндүз +8… +13 даража, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4… 9 даража жылуу, күндүз 13…18 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 0… 5, күндүз 8… 13 даража жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн --1… +4 даража, күндүз 8… 13 даража жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -6... -11, күндүз -1... +4 даража.

Бишкек шаарында 29-мартта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4… 6 даража, күндүз 12… 14 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG