Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Сирияда коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атты


"Рейтер", "Ассошейтед пресс" маалымат агенттиктери күбөлөргө шилтеме жасап кабарлашкандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа шаарында кооопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана кадимки окторду колдонушкан. Күбөлөрдүн айтымында, бүгүн аталган шаарда демонстрацияга чыккан бир нече миң адам “Бизге ар-намыс керек!”, “Өзгөчө абал мыйзамы жоюлсун!” деген уран-чакырыктарды айтышкан. Сириянын Дараа шаарында президент Башар Ассадын режимине каршы нааразылык акциялары бир аптадан ашуун убакыттан бери өтүп жатат. Кагылыштардан көптөгөн адам өлдү деген маалымат бар. Мунун алдында бүгүн Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Латака шаарына өкмөткө каршы тополоңду токтотуу максатында аскерлер жайгаштырылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG