Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Москвадагы расмий сапары учурунда кол коюлган программа Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин быйылкы жыл ичиндеги кызматташтыгын карайт. Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнүн соңунда Москвада Кыргызстандын илим жана маданият үйүн, ал эми Бишкекте Орусиянын илим жана маданий борборун түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге да кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Алардын маалыматында айтылгандай, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын премьер- министри Алмазбек Атамбаевдин жакында Орусияга жасаган сапары учурунда жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулган. Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери соода-экономикалык келишимдердин өз учурунда жана толук аткарылуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.