Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Вице-адмирал Кортней: ливиялык козголоңчулар жакшы уюшпаган


Эл аралык коалициянын учактары Муаммар Каддафинин аскерий объекттерине сокку урууну улантууда. АКШ куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын директору, вице-адмирал Билл Кортнейдин билдиришинче, Кошмо Штаттар ливиялык козголоңчуларды түздөн түз колдоп жаткан жок, БУУнун карапайым ливиялыктарды коргоого чакырган резолюциясын гана аткарууда.

Кортней ошондой эле козголоңчулар жакшы уюшпаганын, Батыш башындагы коалициянын аба чабуулунан пайдаланып гана ийгиликке жеткенин белгиледи.

Орусия жана башка айрым өлкөлөр эл аралык коалицияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин 17-марттагы резолюциясынын чегинен чыгып, Ливиядагы жарандык согушта козголоңчуларга жардамдашууда деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG