Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Ливиянын келечеги Лондондо талкууланат


29-мартта Лондондо өтчү эл аралык жыйында Ливиянын келечеги талкууланат. Жыйынды утурлай британ премьер-министри Дэвид Кэмерон жана француз президенти Николя Саркози чогуу кайрылуу жасады. Кайрылуу ливиялык козголоңчулар жана жарандык уюмдардын лидерлери өлкөнү демократияга өткөрүүнү баштоосу үчүн Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө чакырат.

Лондондогу жыйында Ливиядагы чатак токтогондон кийин өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүүнүн планы жана эгер Каддафи кетсе, жаңы лидерлерди шайлоо аркылуу тандоо мүмкүнчүлүгү талкууланат. Саммитке 35тен көп өлкөнүн өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун катышат.

XS
SM
MD
LG