Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

Конституциялык Сот кайрадан Косовону солкулдатууда


Косовонун Конституциялык Соту өткөн айда болгон президенттик шайлоону Баш мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөн деп тапты. Оппозициячыл партиялар 22-февралдагы шайлоо орой мыйзам бузуулар менен өттү деп Конституциялык Сотко арызданган эле. Эми жаңы парламенттик шайлоо болобу жана Беджета Паколли президенттиктен кетеби же жокпу белгисиз. Конституциялык Сот 2010-жылы сентябрда Фатмир Сейдиуну президент болууга катар партияны жетектеп, мыйзамды бузду дегенден кийин ал кызматтан кеткен. 2 миллион калктуу Косово үч жыл мурда өзүн Сербиядан күнкорсуз жарыялаган.

 

XS
SM
MD
LG