Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Обама: Каддафи "аябай алсыратылган"


АКШ президенти Барак Обаманын айтышынча, Ливиянын лидери Муаммар Каддафи “аябай алсыратылган” жана анын козголоңчуларга каршы согуштагы алга жылуусу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарып жаткан эл аралык коалиция тарабынан токтотулган. Обама ошондой эле Каддафи бийлигин сактап калуу үчүн "өз оппоненттерин тамыр курут кылам" деп коркуткандан кийин гана АКШ Ливиянын жарандарын коргоо боюнча эл аралык коалицияга кошулганын кошумчалады. АКШ өнөктөштөр менен чогуу Каддафи бийликтен кетчү күндү тездетерин, бирок аны кулатууда күч колдонбосун Обама баса белгиледи жана НАТО 30-марттан тарта Ливиядагы эл аралык аскерий операцияны жетектейт деди. Президент Обама мындай билдирүүнү 28-мартта Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетиндеги жолугушууда айтты.

XS
SM
MD
LG