Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

АКШ өкмөтү мектепти таштаган балдар маселесинде жардам берет


АКШ өкмөтү каржылаган “Сапаттуу билим” долбоору алкагында Бишкектеги 45 жаңы конушта мектепке алгач бара турган жана окууну таштап койгон балдардын эсеп-чоту алынат. Андан соң 1-класска барчу балдар быйыл жайында өкмөттүн мектепке чейинки даярдык программасына катыштыруу үчүн тандалат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Жаңы конуштарда балдарды мектепке киргизүү маселеси курч турат. Билим берүү жана илим министрлиги былтыр жаңы окуу жылында эки миңге чукул бала мектепке барбай калганын маалымдаган. Бейөкмөт уюмдардын билдиришинче, окуудан калган балдар саны 60 миңден ашып кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG