Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Фиаконни “КыргызКредит Банкы” боюнча билдирүү таратты


“КыргызКредит Банкынын” мурдагы акционери Жоржио Фиаконни атайын билдирүү таратып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда аталган банктын негизги акционери болуп турганын, банкты ошол кезде Максим Бакиев жардамчысы Алексей Елисеевди жөнөтүп коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алганын, учурда ошол акцияларды артка кайтаруу боюнча соттошууда Улуттук банктын жетекчилиги ага бут тосуп атканын айтып чыкты.

Улуттук банктын жетекчилиги “КыргызКредит Банкын” учурунда “АзияУниверсалБанкы” сыяктуу эле Бакиевдердин гана кызыкчылыктарына иштеген, өлкөнүн активдерин сыртка чыгарып кетүүгө салым кошкон банк катары улутташтыруу керектигин айтып, соттошуп келатат. Ж.Фиаконни болсо аталган банктын негизги акционери болгонун, учурунда банкты Бакиевдер тартып алышканын айтып, банкты улутташтырбай эле кайра берүүнү талап кылууда.

Буга чейинки соттук териштирүүдө Бишкек шаардык соту талашты Ж.Фиаконнинин пайдасына чечип берген. Эми 31-мартта бул ишти Жогорку Сот карамакчы. Буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген Италиянын жараны Ж.Фиаконни ачык кайрылуу таркатып, аталган банкты улутташтыргандан мамлекет утпасын, тескерисинче чет элдик инвесторлор келбей койорун, андыктан банкты мурдагыдай жеке колдо калтырууну суранган. (IJz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG