Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Байзаков: Түрмөлөрдөгү акцияны кылмыштуу топтор уюштурууда


“25-мартта түрмөлөрдө башталган ачкачылык акцияларын артында кылмыштуу топтор турат. Алар ушундай акцияларды акча төлөп уюштуруп, мамлекеттин кылмыштуулукка каршы күрөшүнө жооп кайтарышууда. Саясатка таасир тийгизүүгө аракет кылышууда”,- дейт ал. Анын айтымында, учурда түрмөлөрдө көзөмөл күчөтүлүп, жаза өтөп аткандарды теске салуу, түшүндүрүү чараларын өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаза өтөө кызматынын маалыматына ылайык, учурда түрмөлөрдө жана тергөө абактарында 10 миң чамалуу адам жатат. Маалыматка ылайык, 25-мартта башталган ачкачылык акциясын Степной айылындагы № 2 аялдар түрмөсүндө жаткандар, Вознесеновка айылындагы № 14 балдар түрмөсү, кургак учук сыяктуу оорулар менен ооругандар жана мурда күч түзүмдөрүндө иштегендер колдогон эмес. Жаза өтөө кызматы белгилегендей, ушул тапта өлкө боюнча жалпы 8 түрмөдө ачкачылык акциясы токтотулду. (IJz)

XS
SM
MD
LG