Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда № 10 түрмө жана бир убактылуу кармоочу жай бар. Эгер ал жакта кандай гана шартта болбосун каза болгондор катталса, эң оболу маалымат облустук ички иштер башкармалыгына келип түшөт. Ушул тапта андай маалыматтар түшкөн эмес.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Сусунбаев болсо, түрмөдөгүлөрдү колдоп митинг өткөрүп ;аткандардын тараткан маалыматтары чындыкка дал келбесин, Жалал-Абаддагы түрмөдө он адам каза болду деген маалымат туура эместигин билдирди. Ачкачылык кармагандардын бирөө да өлүмгө дуушар болбогонун Жаза өтөө кызматынын жетекчилери да айтышууда.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары түрмөдөгүлөрдү колдоп митинг өткөргөндөрдүн маалыматына таянып, Жалал-Абаддагы түрмөдө ачкачылык кармап атышкан 10 адам каза болгонун жазып чыгышкан. (IJz)