Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Ат-Башыда 158 үйдү суу каптап кетти


Ат-Башы районундагы Ак-Моюн жана Ак-Муз айылдарында 161 үйдү суу каптап кетти. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Эркингүл Бокоева билдирди. Күн жылый баштагандан бери тоодогу карлар эрип, айыл чекесиндеги сайлардан, арыктардан ашкан суулар үйлөрдүн ичине кирип, көп үйлөрдүн жертөлөсү толуп калган.

«Азаттыктын» кабарчысы Ак-Моюн айылынан билдиргендей, бул айылда 158 үйдү суу каптап кеткен. Ак-Муз айылында үч үйдү суу каптап, ондогон үйлөрдүн короо-жайын каптап кеткен. Ак-Моюнда суу каптоодо 26 майда жандык өлгөн. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Керимкуловдун айтымында, учурда жабыркагандарга көмөк берүү жагы караштырылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG