Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Казак БШК шайлоого байкоочуларды каттап бүттү


Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын байкоочуларын расмий каттоо аяктагандыгын билдирди. Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого көз сала турган расмий каттоодон өткөн чет элдик байкоочулардын 1 миңден ашат.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары миссиясынан 357, КМШдан 426, ШКУдан 13, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынан 7, Ислам конференциясы уюмунан 5, Еврокеңештин парламенттер ассамблеясынан 8, ЕККУнун Парламенттер ассамблеясынан 80 жана 25 чет мамлекеттен 163 байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салат.

Казак ТИМинен 90дой чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү шайлоону чагылдырууга расмий уруксат алды.

XS
SM
MD
LG