Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

“Фукусима-1”: радиациялык кооптонуу күч алды


Жапон өкмөтү "Фукусима-1" атомдук станциясында радиоактивдүү заттар менен булганган сууну реактордун ичинде кармоого мүмкүн болбой жаткандыгын билдирди. Бузулган реактордогу температуранын жогорулашы менен анын отун өзөгү ээрип кетиши мүмкүн деген кооптонуу да пайда болду.

Министрлер кабинетинин баш катчысы Юкио Эдано мындай кооптонууну азырынча жокко чыгарып коюу мүмкүн эместигин эскертип, 28-мартта станцияга жакын жер кыртышынан плутоний аныкталгандыгын айтты.

Адистердин айтымында, бул ректордун өзөгү ээрип, андагы радиоактивдүү заттар тышка чыгып жаткандыгынан кабар берет.

Жапониянын атом жана өндүрүш коопсуздугу боюнча агенттиктин маалымат катчысы Хидехико Нишиямо булганган сууну станциянын ичинде кармоо аракеттери уланып жатканын айтты:

"Биз жер кыртышын булгабоо үчүн түтүк жайгашкан имараттын жанына тосмолорду коюп жатабыз. Имараттын эшигин болсо топон суу жулуп кеткен. Мунун бардыгы тең булганган сууну деңизге жеткирбей имараттын ичинде кармоо үчүн жасалып жатат".

Жапониянын бийлиги "Фукусима-1" станциясында күтүлбөгөн жаңы жагдайларга даяр экендигин өлкөнүн премьер-министри Наото Кан билдирди.

XS
SM
MD
LG