Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Ливия боюнча эл аралык байланыш тобу түзүлдү


Лондондо 29-мартта аяктаган конференциясынын катышуучулары Ливиядагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча байланыш тобун түзөлү деп макулдашты.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейгдин билдиришинче, байланыш тобун Катар жетектейт жана чукул арада топтун биринчи жыйыны Катарда өтөт.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, жыйында Ливиядагы оппозицияга жардамдашуунун жолдору да талкууланды: “Биз тынчтыкка жардам берүү жагын талкууладык. Биз убактылуу Улуттук кеңештин финансылык муктаждыгын жана аны эл аралык коомчулук аркылуу кантип жардамдашуунун жолун да сүйлөштүк.”

Лондондогу жыйынга 40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG