Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Косовонун президенти Конституциялык Сотко баш ийерин айтты


Косовонун президенти Беджета Паколли Конституциялык Соттун чечимин урматтай турганын айтты. 28-мартта Конституциялык Сот 22-февралда Косоводо болгон президенттик шайлоону Баш мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөн деп тапкан эле. Конституциялык Соттун чечими бүгүн (30-мартта) жарыяланат. Ошондуктан жаңы парламенттик шайлоо болобу жана Беджета Паколли президенттиктен кетеби же жокпу азырынча белгисиз. Конституциялык Сот 2010-жылы сентябрда Фатмир Сейдиуну президент болууга катар партияны жетектеп, мыйзамды бузду дегенден кийин ал кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG