Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Италия тунистик качкындардан кыйналууда

БУУнун Качкындар агенттиги Италиянын Лампедуза аралындагы абалды өтө оор деп мүнөздөдү. Аралга кийинки кезде Тунистен өтө көп качкындар келген. Агенттиктин өкүлү Лаура Болдрини айым 29-мартта билдиргенге караганда, качкындар ачык асман астында укташат жана көчөлөрдө тентип жүрүшөт. Буга жергиликтүү эл нааразы. Полициянын маалымдашынча, азыр 5 миң калктуу аралда 5, 5 миң мигрант бар. Лампедуза Италиянын түштүгүндөгү Сицилия аралына чукул жердеги узуну 20 чакырымга жеткен аралча.
XS
SM
MD
LG