Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Пакистанда индонезиялык "ал-кайидачы" кармалды

Пакистанда “ал-Кайиданын” Индонезиядагы өкүлдөрүнүн бири Умар Патек кармалды. Бул жөнүндө Индонезиянын жана Филиппиндин чалгындоо кызматтарына шилтеп, "Ассошэйтед Пресс" агенттиги кабарлады. Умар Патек 2002-жылы Индонезиянын Бали аралында болгон бомба жардыруусуна катыштыгы бар жана “ал-Кайида” менен байланыштагы “Жемаа Исламия” уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө. Патек кандай жагдайда кармалганы азырынча беймаалым. Балидеги түңкү клубдагы жардырууда 202 киши набыт болгон.
XS
SM
MD
LG