СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев 80 жылдык мааракесин Британ баш калаасында белгиледи. Соопкерчилик кечесин Голливуддун жылдыздары Кевин Спейси жана Шэрон Стоун алып барышты. Лондондогу Алберт Холлдо өткөн иш-чарада чогулган акча рак менен ооруган балдарга жардам берүүгө жумшалмакчы.