Бахрейнде шиийлер оппозициясынын лидери Шейх Али Салман Иранды өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Ал падышалыктын Сауд Арабиясы менен Иран ортосундагы "жаңжал тилкесине" айланышын алдын алуу үчүн Бахрейнге киргизилген чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу керектигин айтты. Өкмөттүн өтүнүчү боюнча 2 апта мурун бул чакан өлкөгө Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдүн 1 жарым миңдей аскерлери киргизилген. Бахрейн бийлиги шийилерди козутуп жатат деп Иранды айыптаган. Өлкөдө 1 айдай убакыттан бери козголоң уланууда. Кагылышууларда 20дан ашуун киши набыт кетти. Тегеран чет мамлекеттик аскерлердин Бахрейнге киргизилишин жана демонстранттарга каршы күч колдонгонун айыптаган.