Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Сириянын президенти демонстранттарды айыптады


30-мартта Сириянын президенти Башар Ассад өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандарды "өлкөнү кыйратууну көздөгөн кутумчулар" деп каралады. Ассад элдик толкундоолор эки апта мурда башталгандан бери алгачкы жолу жасаган кайрылуусунда коопсуздук күчтөрүнө нааразылык акциясына чыккан адамдар жабыркабасын деп, айкын көрсөтмө берилгенин белгиледи:

- Сириянын бир да жараны жабыр тартпасын деген көрсөтмө берилген. Окуя көчөдө өнүгүп, сүйлөшүү өкмөттүк мекемелерде өтпөгөндөн кийин, ал башаламандыкка алып барат. Элдин каны кызып, жаңылыш көз караш үстөмдүк кылып, кан төгүлөт. Ушундай болгонун баарыңыздар билесиздер.

Асаддын демонстранттарды “кутумчулар” деп атоосун жана алардын саясый реформа жөнүндөгү талабын көз жаздымда калтырганын АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер сындады. Эки аптадан берки өкмөткө каршы акциялар маалында 60тай киши окко учкан.

XS
SM
MD
LG