Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Каддафини Тышкы иштер министри таштай качты


Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса 30-мартта Лондонго келди. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Куса Тунистен учуп келгенин тастыктап, ал өзү министрликтен кеткенин айтканын маалымдады. Муса Куса Ливия лидери Муаммар Каддафинин жакын чөйрөсүнө кирчү.
Каддафинин аскерлери 30-мартта Ливиянын чыгышындагы үч шаардан козголоңчуларды сүрүп чыкты. Өкмөттүк күчтөр көтөрүлүшчүлөрдүн тиреги болгон Бенгази шаарынан 160 чакырымдай чыгыштагы Аждабия калаасына чукулдап калганы кабарланууда. Батышта аскерлер Мисрата шаарын камоого алууда. АКШ жана Британия эрегишчилерге куралдан жардам берилиши мүмкүн экенин айтышууда. Орусия буга каршы. Эл аралык коалициянын учактары Каддафиге караштуу аймактардагы аскерий объекттерге сокку урууну улантууда.

XS
SM
MD
LG