Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:59

БУУ Пил жээгинин "ээрден түшпөс адамына" кысымды күчөттү


БУУнун Коопсуздук кеңеши Пил жээги мамлекетинин бийликтен кетпеген президенти Лоран Гбагбого каршы санкция киргизди жана андан эл аралык коомчулук тааныган президент Алассан Уаттарга бийликти өткөрүп берүүнү талап кылды. 15 мүчөлүү Кеңеш 30-мартагы жыйында Гбагбонун тыш өлкөлөргө каттоосу үчүн виза берүүгө тыйуу салып, мүлкүн тоңдуруу жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алды. Гбагбо Улуттар уюму жана эл аралык коомчулук былтыркы ноябрдагы шайлоодо жеңди деп тааныган Уаттарга президенттикти өткөрүп бербей келет. Учурда Пил жээги өлкөсүндө Улуттар уюмунун 11 миң тынчтык аскери бар. Алардын сегиз жүзү Уаттардын "Абижан" мейманканасындагы кеңсесин күзөтөт.
XS
SM
MD
LG