Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Косово кайра президентсиз калды


Косовонун президенти Беджета Паколли 30-мартта кызматтан кетти. Эки күн мурда Конституциялык Сот 22-февралда Косоводо болгон президенттик шайлоону Баш мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөн деп тапкан. Соттун билдиришинче, шайлоого мыйзамга ылайык, бирден ашык талапкер жана парламенттин 120 мүчөсүнүн үчтөн экиси же 79 депутат катышууга тийиш болчу. Шайлоого 67 гана депутат катышкан. Калган депутаттар мультимиллионер Паколлинин президент көрсөтүлүшүнө нааразы болуп, добуш берүү учурунда залдан чыгып кеткен.

Конституциялык Сот 2010-жылы сентябрда да Фатмир Сейдиуну президент болууга катар партияны жетектеп, мыйзамды бузду дегенден кийин, ал кызматтан кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG