Беларус бийликтери былтыркы шайлоодо президенттикке талапкер болгон оппозициячыл саясатчылардын жаза мөөнөтүн жеңилдетти. Христиан-демократтык партиянын лидери Виталий Рымашевский жана Владимир Некляев 19-декабрда Александр Лукашенконун кайра шайлануусуна каршы Минскиде “массалык башаламандык уюштурду” деп айыпталып, 15 жылга чейин камалары айтылып жаткан. 30-мартта Ички иштер министрлиги билдиргенге караганда, аларга мурда коюлган айыптоо алынып, ордуна "коомдук тартипти орой бузууга элди уюштурду" деп күнөөлөнүүдө. Ал боюнча айыпкерлер үч жылга чейин кесилиши мүмкүн.