Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө тестирлөөдөн өтөт


Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, быйыл бардык жогорку окуу жайлар студенттерди күндүзгү окуу формасынын гранттык жана келишимдик орундарына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча гана кабыл алышат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырованын “Азаттыкка” билдиришинче, мектеп бүтүрүүчүлөрү тестирлөөгө катышпаса, анда жогорку окуу жайлардын күндүзгү формасына өтпөй калат.

Быйыл Кыргызстандагы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 75 миңге жакын болсо, алардын 50 миңдейи тестирлөөгө катышаары күтүлүүдө. Окуучуларды каттоо мектептерде 14-мартта башталып, 15-апрелге чейин созулат. Өткөн жылдын бүтүрүүчүлөрү райондук же шаардык билим берүү мекемелерине кайрылып, ошол жерден катталышат. Тестирлөө 21-22-май күндөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, 27-майдан 31-майга чейин башка облустарда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG