Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Кубатбек Байболов кызматтан алынды


Мамлекет башчы Роза Отунбаеванын жардыгы менен Баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов кызматтан кетти. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай чечим Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовага тиешелүү ишкананын “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа телекомдогу” акча которууларга катыштыгы болгону аныкталгандыктан, “Мегакомдун” тегерегиндеги маселелер бейтарап иликтениши үчүн кабыл алынды.

Президенттин дагы бир жардыгы менен Баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалды. Буга чейин Салянова президенттин парламенттеги өкүлү, Юстиция министри болуп иштеп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG