Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

1-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 1-апрелде айрым жерлерде жаан жаайт, тоолордо кар түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8 градус, күндүз 13…18 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 15…17 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG