Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Окко учкан милиция кызматкерлеринин жакындарына үй берилди


Кыргыз өкмөтү жыл башында Бишкекте “террорчу” деп шектелген адамдардын огунан каза болгон үч милиция кызматкерлеринин ата-энелерине, жакындарына Бишкектеги Туңгуч кичи районунан 2-3 бөлмөлүү батир берди. Ушундай эле турак-жай "милиция кызматкерлерин өлтүрдү" деп шектелгендерди кармоо операциясында окко учкан "альфачы" Жеңишбек Бабараимовдун жакындарына да тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

4-январда Бишкектеги 8-кичи райондогу 16 кабаттуу үйдө белгисиз адамдар аткан октон милициянын капитаны Самат Жээнбеков, милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов, милициянын лейтенанты Пиридинбай Исманов набыт болушкан. "Альфачы" Жеңишбек Бабараимов 5-январда Бишкектен анча алыс эмес Беш-Күңгөй айылында атайын операция маалында окко учкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG