Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Чым-Коргондон качкан беш адамдын үчөө кайтып келди


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эки оорулуу өз эрки менен келсе, бирөөсүн тартип коргоо кызматкерлери алып келген. Ушул тапта дагы эки оорулуу издөөдө жүрөт.

25-мартта Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан 5 адам медициналык кызматкерлерге кол салып, уюкфонун, акчасын тартып алып качып кетишкен. Бешөө тең соттолгон жана сот чечими менен "акыл-эси ордунда эмес" деп табылып, күчтөп дарылоого жөнөтүлгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG