Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Жапония эвакуация тилкесин кеңейтүү сунушун кабыл алган жок


Жапониянын өкмөтү мындан 20 күн мурда жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан өзөктүк кубат ишканасынын айланасындагы эвакуация тилкесин кеңейтүү планы жок экендигин бышыктады. Бириккен Улуттар уюмунун атомдук көзөмөл агенттиги - МАГАТЭ радиация чыгып жаткан ишкананын айланасындагы 20 чакырымдык алкакты кеңейтүүгө кеңеш берген.
Бирок жапон өкмөтүнүн маалымат катчысы Юкио Эданон буларды айтты:

Эгер зарылчылык болсо, узак мезгил аралыгында радиоактивдүү булгануу адамдардын саламаттыгына залака келтире тургандай кырдаал өзгөрсө гана бул маселе кайра каралышы мүмкүн.

"Гринпис" экологиялык уюм Литате кыштагында нурлануу коркунучтуу дегээлге жеткендигин кабарлаган эле. 11-мартта Жапониянын чыгыш жээк тилкесинде 9 баллга чейин жеткен жер титирөөдөн жана суу топондон он миңге чукул адам набыт болуп, дагы 16 миңге жакыны дайынсыз жоголду.

XS
SM
MD
LG