Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Жикчил Приднестровье Молдовага кошулбайт

Днестр боюндагы жикчил региондун жетекчилиги аймак эч качан Молдовага кайра кошулбасын билдирди. Бул жөнүндө жикчил аймактын Оlvia жаңылыктар агенттиги регион бийликтерине шилтеп, 31-мартта  маалымдады. Молдова коңшулаш Румынияга кошулганы жатат деген шылтоо менен Приднестровье өзүн 1990-жылы Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. 1992-жылы Молдова аскерлери менен согушта 1,5 миңдей адамдын каны төгүлгөн. Аймакты Москва үзбөй колдоп келет. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 30-мартта Приднестровье “бейтарап Молдованын курамында “өзгөчө макамга ээ болуш керек” деп билдирген.
XS
SM
MD
LG