Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Маллен: Каддафи армиясы эрегишчилерден 10 эсе күчтүү


Ливиялык адаватчылар өлкө чыгышындагы ээлеген өңүттөрүн Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн чабуулуна туруштук бербей калтырып кетүүдө. Өкмөттүк аскерлер Ливиянын батышындагы Мисрата шаарын танктардан жана артиллериядан тынбай аткылап, көтөрүлүшчүлөрдү курчоону күчөтүүдө. 30-мартта АКШ бийликтери Ливиянын чыгышындагы эрегишчилер көзөмөлдөгөн аймакка Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун кызматкерлерин жөнөткөнүн билдирген. Бирок коргоо министри Роберт Гейтс 31-мартта АКШ Конгрессинде болгон угууда ЦРУнун Ливиядагы ишмердигине түшүндүрмө бербей койду.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Майк Маллен Конгресстеги угууда Муаммар Каддафинин армиясы адаватчыларга караганда он эсе күчтүү экенин айтты.

XS
SM
MD
LG