Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Депутаттар мурдагы баш прокурордун маалыматын угат


Бүгүн мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов Жогорку Кеңештин отурунда өзүнүн кызматтан алынышы боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берет. Байболов 31-мартта президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен Мегакомдогу чатак бейтарап иликтениши үчүн кызматтан алынды. Экс-баш прокурор “Азаттыкка” кызматтан кеткен себебин саясий күрөш менен түшүндүрдү. Ага чейин парламенттеги “Республика” фракциясы Байболовду кызматтан кетирүүнү өтүнүп президентке кат жолдогон. Башкы прокуратура аталган фракциянын лидери Канатбек Исаевге мурда ээлеп турган кызматтарына байланыштуу козголгон кылмыш ишти жандантканын кабарлаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG