Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

“Ата Мекен” Байболовдун маалыматын угузууну талап кылууда


“Ата Мекен” фракциясы парламент жыйынында мурдагы прокурор Кубатбек Байболовдун маалыматын угузууну талап кылып жатканын "Азаттыкка" депутат Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, учурда депутаттар сессиянын башталышын күтүүдө. Бирок КСДП менен “Республика” фракцияларынын депутаттары келише элек. СДП депутаты Эгемберди Эрматов кызматтан кеткен Байболов башка маалымат борборлорунда деле маалымат берүүгө укугу бар деп билдирди.

Байболов баш прокурор болгонго чейин “Ата Мекен” партиясынын тарапкери катары белгилүү болчу. Ал кечээ президенттин жардыгы менен кызматтан алынган. Президенттин маалымат кызматы “Мегаком” айланасындагы маселелерди бейтарап иликтөө максатында Кубатбек Байболовдун иштен алынганын кабарлаган. Буга чейин экс-прокурордун жубайы Нуржамал Байболованын “Альфа телекомдогу” акча которууларга тиешеси болгону айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG