Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 2-апрелде дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, кечинде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8 градус, күндүз 17…22 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кечинде 14 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG