Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан кетишин талап кылган он чакты адам Ак үй алдына митингге чыкты. Алар "жер алып берем деп үч жыл мурда 200дөн 5 миң долларга чейин акча алган" деп акыйкатчыны күнөөлөп жатышат. Митингге чыккандардын айтымында, Турсунбек Акун ушундай эле убада менен 130 адамдан акча алган.
Турсунбек Акун мындай дооматтарды четке кагып, бул митинг ага каршы атайын уюштурулганын “Азаттыкка” билдирди. Акыйкатчы “бардыгы өз пикирин айтууга укуктуу, сотко кайрылсын, далилдесин. Жер алып берүү менин ишим эмес”, - деп жооп кайтарды. (КЕ)