Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Байболов: УКМКга бөлүнгөн каражаттын көбү шайлоо үчүн жумшалган


Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мурдагы прокурор Кубатбек Байболов билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматына айрым каражаттарды кошпогондо 1 млн. 600 миң доллар бөлүнгөн. Булардын көбү парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир партияга жумшалган. “УКМК Акаев, Бакиев учурунда да мындай иштеген эмес. Бөлүнгөн каражаттардын коротулушунун мыйзамдуулугун документтер менен эле аныктаса болот”, - деди Байболов. Мурдагы баш прокурор УКМК каражаттарды канчалык мыйзамдуу колдонгонун текшерүү үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн, депутаттардан турган комиссия түзүүнү сунуштады. Ушул тапта Байболовдун маалымат берүүсү уланууда.

Байболов баш прокурор болгонго чейин “Ата Мекен” партиясынын тарапкери катары белгилүү болчу. Ал кечээ президенттин жардыгы менен кызматтан алынган. Президенттин маалымат кызматы “Мегаком” айланасындагы маселелерди бейтарап иликтөө максатында Кубатбек Байболов иштен алынганын кабарлаган. Буга чейин экс-прокурордун жубайы Нуржамал Байболованын “Альфа телекомдогу” акча которууларга тиешеси болгону айтылып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG