Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Парламентте Дүйшөбаев, Байболов, Бабанов маалымат берүүдө


Парламенттин бүгүнкү жыйынында мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов маалымат берип, андан сырткары биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев чакырылды. Байболов былтыр 5 банктын ячейкаларынан алынган акча Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жардамы менен туш тарап таратылганын айтты. “Акчаны кайра санап чыгуу боюнча демилге көтөргөнүмдө мага телефон чалуулар болуп, муну токтотууга тапшырма берилген. Кээ бир акчалар кимдир бирөөлөрдүн капчыгында калган. Кайра санап чыгуу маселеси менен менин прокурордук ишмердүүлүгүм аяктаган”, - деди К.Байболов. Ал учурунда Өмүрбек Бабанов 700 млн. сом салык төлөбөй койгонун билдирип чыкты. Бабанов бул маалыматты четке какты. “Байболов учурунда “Мегаком” маселесин чечүү үчүн Орусия менен сүйлөшүүгө барууну сунуштаган”, - деди Бабанов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG