Бул тууралуу мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда жүргөндө кымбат баадагы, тыңшоочу аппараттарды алып орноткон. “Азыр деле ошол аппараттарды пайдаланып, угуп атат. Муну УКМК билет”, - деди Байболов. Бирок ушул эле күнү парламент жыйынында сөз сүйлөгөн УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бул маалыматты тастыктаган жок. (КЕ)