Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Ошто жерге муктаж адамдардын тизмеси такталууда


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын басма сөз кызматы маалымдагандай, Ош шаарында жер тилкелерин ала турган алгачкы миң адамдын тизмеси такталып жатат. Аларга алдыңкы апталарда жер бөлүнүп бериле баштайт. Азырынча Ош шаарындагы Катта-Сай жаңы конушунан 70 гектардай жер берилери күтүлүүдө. Экинчи этабында дагы 200 гектар бөлүнөт. Кийин жер участоктору Ачы жаңы конушунан да берилмекчи. Ушул тапта бул конуштардын генералдык планы иштелип чыгууда. Ош шаары жана жалпы облус боюнча жерге муктаждардын саны 63 миңдей адамды түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG