Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:26

Шашылыш эскертүү: үшүк жүрүү коркунучу бар


Аба ырайы маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 3-4-апрель күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын мол жаап, карга айланат.

4-6-апрель күндөрү Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет. Ал эми 2-4-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо: Бишкек - Ош (121-137, 198-265 км), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка (74-76 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (68-74 км) жана Каракол - Эңилчекте (45-90 км) кар көчкүсү күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болот. Буга байланыштуу унаалардын жүрүшү кыйындашы мүмкүн. (KKs)
XS
SM
MD
LG