Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Сирияда кечээги тополоңдо өлгөндөрдү бүгүн жерге беришет


Жума күнү баш калаага жакын жердеги Доума шаарында реформаларды талап кылган демонстранттарга полиция ок атып, кеминде сегиз адам өлгөн эле. Бийликтер элге полиция ок атканын четке кагышууда. Алардын айтымында, буга полиция эмес, ага окшогон башка эле куралчан топ күнөөлүү. Ал арада полиция бүгүн түштүктөгү Дараа шаарында таң эртелеп митингди таркатты. Дараада кечээ өкмөткө каршы демонстрацияда миңдеген адамдар катышкан. Сирияда акыркы эки аптадан берки демонстрацияларда 70 ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG