Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Шашылыш эскертүү: үшүк жүрүү коркунучу уланууда


4-6-апрелде Чүй өрөөнүндө -1…-6 градус үшүк жүрөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында болсо 0…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн болушу бүчүр жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет.

3-4-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо: Бишкек - Ош (121-137, 198-265 км), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка (74-76 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (68-74 км) жана Каракол - Эңилчекте (45-90 км) кар көчкүсү күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болот. Буга байланыштуу унаалардын жүрүшү кыйындашы мүмкүн. (KKs)

XS
SM
MD
LG