Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

“Альфа Телекомду” толугу менен мамлекетке өткөрүү сунушталууда


Мындай сунушун “Мегаком” чырын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мүлктүн кимге таандык болгонун аныктоо жана каржы операцияларынын мыйзамдуулугун тактоо багытында иш алып барган депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталып калды. Жыйынтыкка ылайык, “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа телеком” ишканасы акыркы беш жыл ичинде үч жолу колдон колго өтүп, сатылып кеткен. Натыйжада комиссия компаниянын жүз пайыз акцияларын мамлекеттин карамагына өткөрүү, орусиялык инвесторлордун компаниянын ишмердүүлүгүнө катышып катышпаганын кыргызстандык соттун кароосуна коюу өңдүү сунуштарды иштеп чыгууда.

Буга чейин Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору Даир Кенекеев компаниянын 100 пайыз акциясы убактылуу мамлекеттин көзөмөлүндө болоорун билдирген. Ал “Альфа телекомдун” 51 пайыз акциянынын ээси экендигин билдирген бир катар компаниялар бар экендигин, бирок алар далилденгенче мамлекет акцияларды көзөмөлдөп тураарын айткан.

Апрель ыңкылабынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин карамагына өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG