Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Казакстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат


Азыркы президент Нурсултан Назарбаев бул жолку шайлоодо да жеңип, дагы беш жылга мамлекетти башкараарынан күмөн санабагандай билдирүү таратты. Добуш бергенден кийин президент журналисттерге кайрылып: “Бул жолку шайлоо Казакстандын биримдигин, элдин стабилдүүлүккө жана достукка болгон каалоо-мүдөөсүн көрсөтөт”, - деди. Президенттик кызмат үчүн бул ирет Назарбаевден сырткары дагы үч талапкер ат салышууда. Алардын бири эколог Мелс Елеусизов бүгүн өзү да Назарбаев үчүн добуш бергенин жашырган жок. Казак оппозициясы элди бүгүнкү шайлоого катышпоого үндөгөн. Казакстандагы шайлоолордун бирин да эл аралык байкоочулар “таза жана акыйкат өттү” деп тааный элек.

XS
SM
MD
LG